Дүйнө

Хашогжини өлтүргөнгө айыпталгандар өлүм жазасына тартылат

Сауд Арабиялык журналист Жамаль Хашогжини өлтүргөнгө айыпталган 5 адам өлүм жазасына тартыла турган болуп өкүм чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, дагы үч айыпталуучу жалпысынан 24 жылга эркинен ажыратылды. Бирок, соттолгондордун аты-жөндөрү айтылбай жатат.

Эске салсак, The Washington Post менен кызматташкан журналист Жамаль Хашогжини 2018-жылдын 2-октябрында Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүшкөн. Сауд Арабиянын башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, Хашогжи инъекциядан улам өлгөн.

Түркиянын бийлиги, АКШнын Сенаты жана ЦРУ журналистти өлтүрүүгө Сауд Арабиянын мураскер ханзадаасы Мухаммед бин Салман буйрук берген деп билдиришкен. Ал эми расмий Эр-Рияд муну четке кагып келет.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button