Коом

Хашим Зайналиев: “Президент коррупция менен күрөшүүгө сөз жүзүндо гана эмес, аракети да бар экенине ынандым”

Мен С. Жээнбековдун президенттик кызматынан кетирүү үчүн күрөшкө чыгышым керек эле. Себеби, күнүгө мага жок дегенде 20 ашык адам, айрыкча рак менен ооруп, медицинанын мүмкүнчүлүгү жетпеген инсандар кайрылышат. Клиника жабык болгондуктан, аларды артка кайтарабыз. Аларга ыйлагым келип, боорум ачыйт. С. Жээнбековдун кабыл алуусун суранып бир канча жолу кайрылдым, бирок кабыл албады, силерден суранаарым, дуа кылгыла, бир күн болуп калаар деп, кайтарамын. Айтаар сөзүм мындайча. С. Жээнбековдун жаңы жыл алдындагы пресс-конференциясын көрүп, президент коррупция менен күрөшүүгө сөз жүзүндо гана эмес, аракети да бар экенине ынандым. Байкуш президенттин аракети натыйжа бербей жатканына төмөнкү көрүнүштөрдөн улам турбайбы – деп калдым. 1-чиси, президентте жана анын аппаратында Өкмөттүн структураларында, соттордогу прокуратурадагы ж.б бийлик бутактарында кимдерди, кантип, кандай жол менен жеп-жутарлыкты жок кылуунун иштелип чыккан планы жоктугу. 2-чиси, айланасындагылардын баары эле “бүгүн-эртең кантип, кимден канча өндүрөмүн, кантип изими жашырамын, каерге, кандайча доляга отурамын” – дегендер, куу как баштар топтологону. 3-чүсү Президенттин аппараты жана Өкмөттө, прокуратура ж.б органдарды: “Мен мындай жол менен, мындай иштерди жасап коррупцияны жое аламын – деп жоопкерчиликти мойнуна алган бир да чиновник жок. Ошондуктан Президент бийликке жаңы күчтөрдү алып келүүгө өтө муктаж экени билинди. Учурдан пайдаланып, ар бир Кыргызстандыктарга кайрылат элем: “Улуттун, элдин жана мамлекеттин тагдыры ар кимдин колунда болот. Ар кимибиздин жашообуз оңолсун десек, келечегибизди ойлосок, анда ар ким коррупцияны жое турган, Кыргызстанды өнүгүу жолуна сала турган ишке: бирөөбүз сөзүбүз, бирөөбүз идеясы менен, бирөөбүз уурулардын уурулугун ачыкка чыгарып, бирөөбүз эл-журтка коррупционерлердин берген ашына, тойуна барбай коюуга чакыралы, биөөбүз иш жүзүндө күрөшөлү, бирөобүз эл-журттан түшкөн идеяларды бириктирип, команда түзүп, бийликтин ар түрдүү бутактарында иштейли, иши кылып Президентке ар тараптан жардам берели!!!! Эмне дейсиздер!!!! Мына мен коррупция менен күрөшө турган идеяны Сиздерди таанышсын – деп жарыялап жатамын!!!

Кыргыз Республикасынын
Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго
Коррупция жөнүндө сөз

Урматтуу Президент!!!

Мен Кыргызстандын катардагы жаранымын!!! Кыргызстан учурда жана келечекте ар тараптан эркиндигин бекемдеп сактап, өз алдынча мамлекет болуп жашап кетеби? – деген суроону алдыма коюп, убайым тартам. Менин ошол көкүрөгүмдөгү кыжаалатчылыгымды Сизге билдирейин деген ниетте кайрылып отурамын.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Бардык балээнин башаты жана кесепети – коррупция. Бул балээ күндөн-күнгө жанданып, күчөп, тамырлап, баарын өзүнө тартып алууда. Эң кейиштүүсү – ар бир мамлекеттик кызмат бизнес жасоонун орду болуп калды. Бул балээ жөнөкөй адамдын жашоо турмушунан жана коопсуздугунан тартып мамлекеттин коопсуздугуна чейин коркунуч туудурат. Ал тургай Сизди да ээлеп турган кызматтан алып түшүүсү ыктымал. Бир кезде А. Акаев да “биз коррупцияны жеңбесек, ал бизди жеңет”- деп айтып коюп, ага каршы чечкиндүү чара көрбөй, бийликтен кулады. Өз учурунда К. Бакиев да коррупциянын коркунучуна жеткиликтүү маани бербестен, аны менен достошуп алып, элдин колдоосунан ажырады. Ошондуктан мен Сизге кайра-кайра айтамын: Сиз коррупция менен достошосузбу же аны жок кыласызбы? Кайсы жолду тандап аласыз – Ал Сиздин укугуңуз! Эгерде Сиз коррупция менен күрөшөмүн десеңиз, анда анын эки эле жолу бар. 1-чиси, коррупционерлерди Эл алдына алып чыгып, аларды – эл алдында атуу. Албетте, мындай иш биздин мамлекеттин мыйзамдарына туура келбейт. Бул иштин акыбети жакшылык менен бүтпөйт. 2-чиси, кансыз согуш. Мен Сизге 2-чи жолду сунуш кылаар элем. Эмнени? 1-чиси, биз Сизге катардагы мамлекеттик кызматтан жогорку мамлекеттик кызматка чейинки бардык рангдагы чиновниктерге мамлекеттик жоопкерчиликти илүү. Кантип? Мамлекеттик кызматтагы ар бир чиновниктин үй-жайын жана ар түрдүү мүлктөрүн мамлекет милдеттүү түрдө залогко алып, коррупциялык иштери болгон учурунда же билингенде – конфискациялоого алынаарын билдирип, эгерде абийирдүүлүк менен иштеп, жакшы көрсөткүчтөргө жетишсе, мамлекетке пайда алып келип, коррупциясыз иштесе, мамлекет залогко алынган мүлктүн жалпы наркынын 10% ынан кем эмес баада сыйлык берилээрин гарантиялайт. Эмне үчүн? Акыйкаттыкты карап көрүңүз: Мамлекеттик чиновникке карата мамлекет эмгек акысын гана төлөп берет, калган маселесин жана проблемасын эске албайт. Эми талдап көрөлү: Айталы: 20 миң сом эмгек акысын алып иштеп жаткан мамлекеттик кызматтагы адамдын 4 баласы бар болуп, үй-жайы жок, батирде турса, анда ал кантип коррупциялык ишке аралашпай коет. Батир акысына 15 миң сом төлөсө, калган 5000 сом үй-бүлөсүн бакканга жетеби? Ал үй-бүлөсүн багуу үчүн 1-чи орунда мамлекеттик кызматты абийирдүүлүк менен аткаруу эмес, ошол орунда же креслодо отуруп, канча акча табамын деп ойго батат. Бул маселеге келгенде катардагы эле мамлекеттик кызматтагы адам өзүнөн жогорудагы турган кызмат адамы, ал тургай Премьер-Министр менен “көөдөндөгү” максаты бир келип жатпайбы? Мамлекеттик кызматка профессионализм, патриотизм, компетентүүлүк критерийлери менен эмес, бийликтеги адамга же шефине “кызмат” көрсөтө ала турган же кантип акчаны чөнтөгүнө салып берүүнү билген, шылуун адамдар отуруп жатпайбы? Мамлекеттик кызматтагы кадр маселеси мына ушундай жол менен чечилип калганын мен эмес, элдин баары билип, түшүнүп калган.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!!!

Мамлекеттик ар бир кызмат: Өкмөттүн структурасыбы, прокуратурабы, сот бийлиги болобу – баарынын максаты бир – креслодо отуруп, акча табуу. Алар ооз жүзүндө мамлекетке, эл-журтка күйгөн болуп, иш жүзүндө “бүгүн-эртең кантип, канча акчага иштеп аламын”, – деп отурат. Сиз түшүнүп тургандай, ар бир мамлекеттик кызматкердин мээси ушинтип ууланган. Ток этээр сөздү айтканда, Кыргызстанда иш же ишкерлик кыламын десең – “ставканы” бересиң, бербесең ишти кылып кете турган “жылчыкты” да таппайсың? Ошондуктан эл эртеби-кечпи көтөрүлө турган ахвалга кетүүдө.
Жогоруда баяндалгандай, мамлекеттик кызматтагы чырмалышкан коррупцияны жеңүүнүн жолу барбы? -деген суроо туулат. Менин оюмча, бул маселени чечүүнүн жолун төмөнкү маселелердин чечилүүсүнөн жана сунуштарды жүзөгө ашыруудан көрүп турамын.

1-чи принцип: “Чиновниктин эркинен закондун үстөмдүүлүк кылуусу” ишке ашкан нормативдик актылар жана закондор кабыл алынуусу керек. Алар чиновник закон аркылуу душманына барьер кое албаган, досуна же жакындарына жардам бере албагандай даражада болуусу керек.
2-чи принцип: Кыргызстандын ар бир атуулунда улутуна карабаган, мамлекетин сүйгөн, берилгендикти тастыктай турган, патриотизмге чакыра турган идеологиялык надстройканы калыптандыруу. Мындай идеологияны калыптандыруунун булактары элибизде бар. Алар кыргыз элинин руханий байлыктары болгон адамгерчилик, кичи пейилдик, эмгекти сүйүү, аманатка бекем туруу, инсап, адеп-ахлактуулук ж.б. Эң негизги байлык – бул Ислам баалуулуктары. Анда катардагы атуулдан Кыргыз мамлекетинин Президентине чейин жөнгө сала турган Куран менен пайгамбарыбыз Мухаммед м.с.в хадистери бар. Исламга амал кылууну дайыма чакырып турган Ислам аалымдары, дааватчылар ж.б ушул күндө да мээнет кылууда.
3-чү принцип, элге билим берүүнүн сапатын карап чыгуу. Аны замандын талабына шайкеш келтирүү. Мында эң негизги багыт, билим берүүнүн мейкиндиги Батыштын жаңы илимий жетишкендиктерине сугарылуусу, инновациялык технологиялардын кирүүсү, адистердин профессионалдык деңгээлде даярдалуусу ж.б. Бул маселе боюнча Кытай элинин макалын эсиңизге салайын: “Бир жылдыкты ойлосоң – буудай айда, он жылдыкты ойлосоң – дарак эк, эгерде жүз жылдыкты ойлосоң, элге – билим бер.”
4-чү принцип, элди ишкердүүлүккө чакыруу. Анын эң негизги маңызы – ар бир Кыргыз атуулунун профессинализмге ээ болуусуна жетиштирүү. Ар бир кыргыз атуулун продукция же товар жасоо үчүн профессионализмге ээ болууга жетиштирүү, товар өндүрүүгө кызыктыруу же кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүнү жана уюштурууну үйрөтүү.

5-чи принцип, мамлекеттин өндүрүштү колдой турган саясаты болуусу абдан зарыл. Бул саясаттын эң негизги маңызы ким өндүрүш уюштурса, ага жер тилкеси бекер бөлүнүп берилүүсү, инфраструктуралар: жол, электрдик линия, коммуналдык кызматтарды мамлекет мойнуна алып, ишкер өндүрүштү уюштуруу жана продукциясын сатуу менен гана алек болуп, чиновниктин алдына келбегидей деңгээлде болуусу кажет. Ишкердин чыгарган продукциясы коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна зыяны тийбесе, керектөөчүнүн коопсуздугуна, өмүрүнө жана ден соолугуна зыяны тийбесе болду деген жеткиликтүү саясат иштелип чыгуусу абзел. Эмне үчүн бул критерийлерге маани берип жатамын. Себеби, ишкерлерди өзүнө багындырып, баш ийдирип алуунун эң оңой жолу “керектөөчүнүн коопсуздугун, өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында” деп жатып, министрликтер менен ведомостволор нормативдик актылар иштеп чыгып, аны Министрликтин деңгээлинде бекитип алып, ишкерлерди өзүнө көз каранды кылып, өздөрүнө “кормушка” кылып алышат. Ошондуктан ишкердикке тоскоол боло турган нормативдик актыларды жое турган реформа керек. Бул реформанын авадай зарыл экенин ынандыра турган факт келтирейин. Мисалы: Кыргызстанда “жашыл экономиканы” өнүктүрүүнүн эң негизги булагы Кыргызстандын тоо койнунда өскөн дары чөптөрү. Андан дары өндүрөйүн десең, Саламаттык Сактоо Министрлигинин алдындагы дары-дармектер менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти алдыңа чоң пакеттен турган нормативдик документтерди таштап коет, кана кыйын болсоң, ушул талаптарды аткар деп. Ал талаптарды аткаруу үчүн кеминде 5 жыл убара тартасың. Ойлонуп көргүлө: ким 5 жыл убакыт кетирип, чөнтөгүнөн акча жумшап, анысы аз келгенсип, чиновник сураган акчасын берип иш кылат. Учурдан пайдаланып айтайын, ал нормативдик актылар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык уюму кандай тартипте иштеп чыгып, жөнөткөн болсо, ошондой тартипте, Россиянын Саламаттык сактоо министирлиги кандай тартипте бекиткен болсо, ошондой тартипте кабыл алынган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо Министрлиги ал нормативдик актылардагы шарттарды аткарууга кыргыз ишкерлеринин мүмкүнчүлүгү жетпесин эске да алган эмес. Натыйжада, Кыргызстандын дары чөптөрү арзан баада сырье катары сатылып, ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн жандануусун ар тараптан муунтуп салышты.

Эң акыркы сөз, мамлекеттик чиновникти таза иштөөгө чакыра турган, кызматын берилип аткара турган, ишинин эффективдүүлүгүн көтөрө ала турган мамлекеттик башкаруунун улуттук менеджментин киргизүүнү заман талабы катары кабыл алууңузду суранат элем. Мамлекетти башкаруунун улуттук менеджментин иштеп чыгуунун эң негизги концепциясы мамлекеттик чиновниктин же инсандын берилген участоктогу кызматын абийирдүүлүк менен, таза, жемкорсуз иштөөсүнө чакыра турган; улуттук менталитет, улуттук баалуулуктар: кадыр-барк, адеп-ахлак, кулк-мүнөз, каада-салттарды камтыган, инсанды изденүүгө, профессионализмге ээ болуусуна жеткире турган, үй-бүлөлүк баалуулуктарды камтыган социалдык багыты бар, өздүк спецификасына ээ болгон менеджмент. Айтылган концепциядан улуттук менеджменттин негизги принциптери келип чыгат.

1-чиси, инсандын руханий байлыгын – батыш билимине, анын технологиясын өздөштүрүүгө жеткире турган, “инсан руху – батыш билими” принциби.

2-чиси, чиновниктин эмгек акысын төлөөдө дифференциалдык система. Негизги эмгек акысынын базасында кызыктыруучу сыйлыктар жана надбавка. Кызыктыруучу сыйлык акылар чиновниктин ишинин эффективдүүлүгүн көтөрүүгө багытталат. Буга ишин профессионалдуулукка жеткирүү, берилген ишти өз убагында аткаруусу ж.б критерийлер кирсе, ал эми инновациялык иштерине, белгилүү убакыт ичинде (эки жылбы, беш жылбы же 10 жыл) тармактын өсүүсүнө кошуп жаткан салымына карата надбавка кошулуп берилет.

3-чүсү, чиновникке акы төлөөнүн социалдык багыты. Бул багыттын киргизилүүсүнүн максаты – чиновник үй-бүлөсүн багууда, транспорт менен камсыз болууда жана турак-жай куруудагы муктаждыктары мамлекет тарабынан камкордукка алынуусу. Бул багыттын киргизилүүсүнүн себеби, чиновник жогорудагы баяндалган муктаждыктарын чечүү үчүн коррупциялык иштерге тартылып кетүүсүнөн сактап, жумушунда ал маселерди чечүүсүнө алагды кылбай, бар күчүн жана эмгегин мамлекет тарабынан берилген иш участогуна жумшоосуна тартуу болуп эсептелет.

Урматтуу Президент!!!

Биз жогоруда баяндалган сунуш аркылуу коррупцияны мамлекеттик бардык структуралардан жоготууда заалымдыкты колдонбой, улуттук жана Ислам баалуулуктарына негизделип жүзөгө ашырууга объективдүү да, субъективдүү да зарылдыктар бар экенин белгилеп айткыбыз келет. Эгерде, Сиз биз сунуш кылып жаткан мамлекетти башкаруунун жаңы системасын ишке ашырууга белсенип кирише турган болсоңуз, анда Кыргызстандын ички дүң продукциясы жылына 10% кем туруктуу өсүүгө жетише ала турган, тарыхта Кыргыз элинин бактысына туулган реформатор президент катары калып, сиз менен эл-журт сыймыктана турган инсан болуп кала аласыз.

Сизди урматтоо менен, табып Хашим Зайналиев

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button