Спорт
Футбол боюнча Кыргыз-Өзбек беттеши. 3:1 эсеби менен талаа ээлери жеңишке жетишти

Бүгүн, 9-ноябрда футбол боюнча Кыргыз — Өзбек беттеши орун алды. Жолдоштук беттеш Өзбекстандын Ташкент шаарындагы «Пахтакор» стадионунда өттү.
Мелдештин биринчи таймында эсеп 1:1 менен аяктады.
Экинчи таймда талаа ээлери атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыз кылышты.
Оюдун 11-мүнөтүндө өзбекстандык футболчу Игорь Сергеев, мелдештин 53-мүнөтүндө Достонбек Хамдамов, 80-мүнөттө Жамшид Искандаров гол киргизгенге жетишти.
Ал эми мелдештин 30-мүнөтүндө кыргыз футболчусу Фархат Мусабеков жалгыз голду киргизди.