КоомСпорт

Футболчулар Бишкекте өтүүчү оюндардардан баш тартабы?

Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 26-декабрда да каралбай калды. Депутаттар бир күнгө тыныгуу алды.

Кыргызстандын Футбол федерциясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада мелдештерге чыгуудан баш тарта турганын билдирди.

Шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, аягына чыкпаган соң футболчулар ушундай чечимге келген.

Калаа бийлиги үч жер тилкесин сунуштаган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Футбол федерациясынын баш катчысы Нурдин Букуев буларды билдирди:

– Эл аралык футбол федерациясынын талабына ылайык, бизге сунушталып жаткан Кара-Жыгачка Футбол борборун куруу туура эмес болот. Анткени бул парк шаарга керек. Ак-Өргө конушунан сунушталып жаткан жер тилкеси беш эле гектар. 11-кичи райондогу жерге да футбол талаасын курууга мүмкүн эмес. Футбол борбору үчүн 8 же 10 гектар жер керек.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Маселе 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар грантты башка мамлекеттерге берет.

Шаардык кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев депутаттар футбол борборун куруу демилгесин колдой турганын, мэриянын жообун күтүп жатышканын билдирди. Ал ушул иш чечилмейинче, шаардык кеңеште башка маселе каралбай турганын айтты.

Мэрия учурда маселенин юридикалык-техникалык жагын талкуулап жатат.

Буга чейин Футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялаган. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган. Ага жалпысынан 10 миллион доллар керек. Федерация гранттан тышкары башка булактардан да каражат табыларын айтууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын башында Футбол федерациясы менен кошо футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну өкмөткө сунуш кылган.

Кыргызстандын улуттук курама командасы соңку жылдары эл аралык аренадагы беттештерде мыкты оюн көрсөтүп, FIFA рейтингиндеги позициясын улам бекемдеп келет. Жергиликтүү жана чет элдик эксперттер кыргыз футболу соңку эки-үч жылда жаңы тепкичке чыкканын, мамлекеттин колдоосу зарыл болуп турганын белгилешүүдө.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button