Спорт

Футболду тура калып көргөн Абылгазиев. КРкомандасын сүйрөгөн аткаминерлердин сүрөтү

Кыргызстан менен Япониянын беттеши бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Улуттук команда атаандаштарга 0:2 эсебинде утулуп калды.

Бишкектеги борбордук стадиондо өткөн Кыргызстан менен Япония командаларынын футбол беттешин көрүүгө ЖК төрагасы Дастан Жумабеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган аткаминерлер да барды.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан сүрөттөрдөн күйөрмандык кылган Абылгазиевди, спикер Жумабековду, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, вице-спикер Мирлан Бакиров, вице-премьер Жеңиш Разаков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана бир топ депутаттарды көрүүгө болот.

  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, торага Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков, депутаты и чиновники посмотрели на стадионе футбольный матч Кыргызстан — Япония
  • Футболисты во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке

Белгилей кетсек, оюн 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү. Кыргызстандыктар 0:2 эсебинде жеңилип калганынакарабастан татыктуу оюн көрсөттү.

Улуттук команда Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма менен F тайпасында. Группада Япония лидерликти эч кимге бербей келе жатат. Кыргызстан экинчи орунда.

Кийинки беттеште Кыргызстандын командасы өз талаасында тажикстандык атаандаштары менен кез келет. Оюн 19-ноябрга белгиленген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button