Коом

Финансы полициясы Айэркен Саймаити жана “Абдыраз” ишканасына которулган ири суммадагы акча каражаттары боюнча үн катты

“2014-жылдын 30-июнь күнү бардык маалыматтарды топтоп Ички иштер министрлигине (ИИМ) берген экенбиз. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин андан жооп ала албаптырбыз. Бизде “иш кыскарып калган” деген божомол бар”, – деди Анарбаев.

Ал кошумчалагандай, 2016-жылы Финансылык чалгындоо кызматы материалдарды кайра изилдеп көрүп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) берген. Бирок ошол эле жылы үч айдан кийин “иш козгоодон баш тартуу” деген чечим кабыл алынган экен.

2019-жылы Массалык маалымат каражаттарында чуу болгондон кийин бизге премьер-министрден, Финансы полициясынан маалыматтарды кайра иликтөө боюнча кат келди. Биз кайрадан изилдеп көрүп туруп, 2019-жылдын 26-июнунда Финансы полициясына жибердик. Анын натыйжасында Саймаити 2 млрд. 602 миң сом жана “Абдыраз” ишканасына 3 млрд 810 млн кошумча салык төлөсүн деген чечим чыккан. Бул кылмыш ишти кайрадан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөндөн кийин материалдарды кайрадан жаңылап өткөрүп бердик берип жатабыз”, – деди Анарбаев

“Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө аты аталган ишкер Саймаити 10-ноябрь күнү атып өлтүрүлгөн. Окуя кечки маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Түркиянын башкы прокурору Саймаитинин өлүмү боюнча төрт шектүү кармалгандыгын билдирген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button