Дүйнө

Уктабай 28 саат иштеп, 10 энергетикалык суусундук ичкен таксист рулда каза болду

Москвада такси айдоочусу рулда бараткан учурда көз жумган. 29 жаштагы жигиттин жүрөгү токтоп калган. Ошол маалда айдоочу рулду бир аз буруп, башка унааны сүзүп алган. Ылдамдык аз болгондуктан эч ким жабыр тарткан эмес.

Орусиялык маалымат булактары маркум Тажикстандын жараны экендигин жазып чыгышты. Ошондой эле ал каза болор алдында уктабастан 28 саат иштегени жана 3 такси кызматынын кардарларын бир маалда тейлегени билинген. Мындан тышкары каза болгон соң унаасынан 10 даана энергетикалык суусундуктун бөтөлкөсү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча маркум уктабастан иштеп, энергетикалык суусундуктарды чегинен ашык ичкендиги жүрөгүнүн токтоп калышына алып келген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button