Коом

УКМК: Раим Матраимов суракка чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бүгүн 29-ноябрда, Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду күбө катары суракка чакырганын билдирди.

Маалыматына караганда, ведомстволор аралык тергөө тобу Жазык кодексинин 130-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки тергөө иштерин улантууда.

Мындан улам, бүгүн 29-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакыртылган.

«Р. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат«, -деп жазылат билдирүүдө.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Иликтөөнүн башкы каарманы Айеркен Саймаити көзү тирүүсүндөгү маегинде 2017-жылдын жаз айларында Оштогу мейманканалардын биринде жолугушууга барган жеринен жаалданган спортчу бандиттер кирип келип аны уруп-сабап, тапанча такап, паспортун алып коюшканын айтып берген.

Саймаити ал жолу мейманканадан аман-эсен качып чыгып, Тажикстанга мыйзамсыз жол аркылуу өтүп, андан ары Стамбулга кеткенин баяндаган.

Кыргызстандын бажысындагы коррупция боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Айеркен Саймаити 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө шектүү катары Түркияда төрт киши кармалган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button