ДүйнөЭкологияЭкономика

Түркия алгачкы электромобилин чыгарды

Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу (TOGG) 2022-жылы өндүрүшүн баштай турган жергиликтүү авто унаа, Кожаели облусунун Гебзе районунда президент Режеп Таййип Эрдоган катышкан салтанатуу азем менен таанытылды.

Президент Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө: «Бүгүн өлкөбүз үчүн тарыхый күн болуп саналат. Түркиянын 60 жылдык түшүнүн чындыкка айланганына күбө болуудабыз»,-деди.

100дөн ашуун түрк инженери түндү күндүзгө кошуп эмгектенгенин түшүндүргөн Эрдоган: «Кыялдануубуз дизайнерлер жана инженерлердин аракеттери менен жуурулушкан, улуттук технологиялар менен өндүрүлгөн, дүйнөгө атагыбызды чыгара турган авто унаага ээ болдук»,-деп айтты.

Эрдоган Түркиянын эми жаңы технологиялардын рыногу гана эмес, өндүргөн, экспорттогон өлкөгө айланганын баса белгиледи.

Жергиликтүү авто унааны чыгаруучу заводдун Бурса шаарына курула турганын билдирген президент Эрдоган буларды айтты: «Биздин унаа экологияны эч булгабайт. Жергиликтүү унаа эч кимден лицензия албайт, ар түрдүү техникалык өзгөчөлүгүн өзүбүз белгилейбиз. Оюндун эрежелерин эми биз өзүбүз түзөбүз».

2022-жылы Түркияда баардык заряддоо системасынын да даяр болоорун билдирген Эрдоган, буга окшогон унааларга караганда ичи кенен, эң жогорку жөндөмдүү жана эң ыңгайлуу баадагы унааны чыгара тургандарын белгилеп: «Биз дүйнөлүк бренд болууга аракет кылып жатабыз. Сериалуу өндүрүшкө өткөнүбүздө, Европанын классик болбогон, түздөн-түз электрдүү алгачкы жана жалгыз SUV үлгүсүнө ээ болобуз»,-деди.

Расмий гезитте жарыяланган Президенттин жарлыгынын негизинде жергиликтүү электрдүү унаа өндүрүшүнө байланыштуу деталдар белгилүү болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган кабыл алган жарлыкка караганда, жергиликтүү электрдүү унаа чыгаруучу ишкана Бурсада курулат жана бул долбоорго карата мамлекеттик жардам берилет.

Түркиянын автомобилин демилгелөө тобунун өнөр жай жана соода акционердик коому тарабынан толугу менен жаңы инвестиция катары курула турган ишкананын көздөлгөн жалпы инвестиция көлөмү 22 миллиард лира болот.

Жергиликтүү унаа чыгаруучу ишканада 4 миң 323 киши жумуш менен камсыздалат жана бул кишилердин 300ү квалификациялуу кадр болот.

Электрдүү авто унаалар 5 үлгүдө жылына 175 миң даана чыгарылат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button