АналитикаСаясат

“Толгонайдын “толгоосу” келип калдыбы?”


Кыргызстан – саясий эксперименттер өткөрүлүүчү өлкө. Кыргыздын эли бөлүнүп, уруу-уруу, кокту-колот болуп чабышып жатканы аз келгенсип, батыш менен Кремль ачыктан-ачык эле мамлекетибизди маалыматтык согуш талаасына айлантып алды.

Эми, эки дөө согушса, ортодо кара чымын кырылат деген ушу дегендей, бул согуштун да “кара чымындай кырылчу”курмандыктары арбын болот окшойт. Алардын катарында Президенттин басма-сөз катчысы, Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева да бар өңдөнөт. Анткени, 2-ноябрь күнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолугуп жатып, маалыматтык согушта уттуруп жатканын айтканы жөн жерден эмес.

Президенттин бул сөзү, 2018-жыл 9-февраль айында кызматка келген Толгонайдын да “толгоосу” келип калганынан кабар берип жаткан жокпу?

2020-жылы өтө турган шайлоолордун алдында азыркы маалыматтык согуш күч алары болжолдонуп, президенттин айланасындагы чала кадрлар “иштен айдалып” алардын ордуна бул согуштун өңүтүн өлкө башчынын кызыкчылыгына буруп кете ала турган тың кадрларга издөө жүргүзүлүүдө.

Бул кызматты татыктуу алып кете ала турган бир канча талапкерлердин айланасында тандоо жүрүп жатканын эшиттик. “Фейсбукту карап отуруп “Кыргызстанда Сарыбашев эле иштеп жаткан окшойт” дегенчелик даражага жеткирген Азамат Абсаттаровду койсокпу?” деген сунуштар арбын айтылып жатыптыр.

“Жок, аныңар жарабайт! Тролльдор менен болгон согушта тролльдордун тилин мыкты билген, өзүнүн тролльдордон түзүлгөн командасы бар Дайырбек келсе болбойбу? Анын үсүтүнө ал өзүңүздүн эле үкаңиз болот” деп Дайырбек Орунбековду сунуштагандар болгон имиш.

Дагы бир катар аткаминерлер президентке кирип “Билим берүү жана илим министрлигинин пресс катчысы Акылбек Орозматовду көтөрүп албасаңыз болбойт. Ошол гана бул кырдаалдан алып чыгып кете алат” дептир.

Абсаттаровбу, Орунбековбу, Орозматовбу, Итибайбы же Чотубайбы айтор ким эмне десе да «Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» деген кеп бар эмеспи. Бул орунга президент татыктуу деп эсептеген талапкер эмес, Кудай ушул орунду кимге буйруп койгон болсо, ошол ээлик кылып калары талашсыз.

Биз сиздердин назарыңыздарга бир канча талапкерлерди сунуштадык.
Татыктуусун тандап, добуш бериңиз?

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button