БийликӨкмөтЭкология

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткен, кышта зыяны тийбейби?

27-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселесин карашты. Анда Токтогул суу сактагычындагы маселе каралып, учурдагы жагдайы айтылды.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын жетекчиси Айтмамат Назаровдун айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,2 миллиард кубометрди түзөт. Былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард кубометрге аз, бирок, күз-кыш мезгилдери үчүн жетиштүү эле көлөм.  Бир катар гидроэлектростанцияларда жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштери күз-кыш мезгилинен өтүүгө таасир этпейт.

“Кыштан аман-эсен чыгабыз, суу көлөмү жетиштүү эле”,-деген жетекчи А.Назаровдун сөзүнө ишене туралы. Себеби, Кыргызстандын энергетикасынын абалы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша болот. Эгер суу азайып кетсе, анда тармак кризиске учурап, социалдык маселелерден саясий-экономикалык маселелерге чейин көйгөй пайда кылат. 2013-жылдан бери эле Кыргызстан ушундай көйгөй менен жашап келатат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close