Экология

Токтогулда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жер титирөө катталды, — деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун болжол менен саат 22:19да Токтогул районунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Терек-Суу, Жаны-Жер айылдарында 3 балл, Арал, Жаңы-Жол, Кара-Суу айылдарында жана Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close