Саясат

Текебаев: Менин түрмөдөгү ордум дагы, саясаттагы ордум да

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мени сындагандар менен чогу колдогонбуз. Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев “NewTV” телеканалынын “Ой-пикир” берүүсүндө билдирди.

“Алмазбек Атамбаевди азыр мени сындап жаткандар менен учурунда чогу колдогонбуз. Болгону менин алардан айрымачылыгым, туура эмес жакка кетип атканыбызды көрүп, ачык айтып чыгып күрөштүм. Менин бир гана күнөөм бар. Менин күчүм жеткен жок. Утулдум, камалдым. Бирок, багынып бербей аягына чейин күрөштүм”,-дейт Текебаев.

Азыр Атамбаевдин учурундагы сот чечими жокко чыгып, сыртка чыкканыбызга жакында 6 ай болот. Ошол сот иши 6 айдан бери жүрүп жатат. Мен жана айткандай  Атамбаевдин убагында жумасына беш күн эрте мененки 9 дан кечки 21 ге чейин тынымсыз сот болот эле. Ошентип 2 айдын ичинде бизди соттоп жиберишкен. Максат ошол кездеги президенттик шайлоого жеткирбеш керек болчу.

Азыр айына 2 жолу бир нече сааттан сот болуп жатат. Эгер ушул шартта улана берсе май айларына барып, биздин ишибиз аягына чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин Саясатчы Өмүрбек Текебаев New TVнин “Ой- пикир” берүүсүнө маек берип жатып айтты.

Өмүрбек Текебаев: “Мыйзам боюнча карай турган болсок, биз акталып, мамлекетибиз бизден кечирим сурап, тийешелүү компенсацияларды төлөп, укуктарыбызды калыбына келтириш керек”,-деди.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button