Саясат

Текебаевдин жалган айтканы партияга аброй алып келбейт

“Ата-Мекен” партиясындагы талаш-тартыш уланууда. Жакында эле партиянын тизмесинен чыгып кетти делген Талантбек Узакбаев Өмүрбек Текебаевдин жалган айткандары партияга аброй алып келбейт дейт. Партиядан Узакбаевге сунуш түшүп, анда тизме боюнча анын алдында турган Ташболот Балтабаевди депутаттыкка алып келбейбиз анын ордуна сен келесиң дешкен.

“Ташболот Балтабаев кетүү боюнча арыз жазган соң андан кийинки тирүү талапкер мен болдум. Бирок мен чындыгында “Ата-Мекенден” депутат болгум келген жок. Балдар өздөрү чечип сүйлөшүп алды окшойт десе унчукмак эмес элек, бирок Текебаев оор жана татаал сүйлөшүү болду деп жалган айтып жатат. Партиядан же фракциядан сүйлөшүүгө бир дагы аракет болгон жок, биз деле адамбыз биз менен сүйлөшүүгө барса мүмкүн чечилет беле. Бирок өз киндигибизди өзүбүз кестик. Нурбек Сыдыгалиевди чындап айтканда биз алып келдик, албетте Алмамбет Шыкмаматов ордун берди. Бирок биз дагы бөгөт кылып алдын тосуп тура бергенибизде мындай болмок эмес”, -дейт Узакбаев.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовду сүйлөшүлгөн боюнча мандатын Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүп берди деп билдирүү жасаган. Ал эми Сыдыгалиев өзү болсо Шыкмаматов менен эч кандай мандат тууралуу сүйлөшүү жүрбөгөнүн айтып чыкты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button