Без рубрики

Өкмөттөн Тарых музейин жаңы жылга чейин ачуу талап кылынды

Депутаттын айтымында, музейдин оңдоо иштери 100 пайызга бүткөрүлүп, экспонаттарды коюу иштери 98 пайызга аяктаган.

 Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев өкмөткө Тарых музейин жаңы жылга чейин ачууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, музейдин оңдоо иштери 100 пайызга, экспонаттарды коюу 98 пайызга бүткөрүлгөн.

«Оңдоо иштерине 2017-жылы күзүндө бюджеттен 1 миллиард 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Депутаттар колдоп бергенбиз. Андан бери эки жыл өтсө да музей ачыла элек», — деди ал.

Токтошев өз сөзүндө өкмөт Тарых музейин былтыр 31-августта ачылат дегенин, бирок ачылбаганын айтты.

«4-5 аткаминердин айынан Тарых музейи ушундай акыбалга кептелип жатат. Сот бүтпөй жатат деп жатышат. Сот бүтпөсө эле ачылбай тура береби? Өкмөт чечкиндүү болуп жаңы жылга чейин ачып берсеңер жакшы болот эле», — деди депутат.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Ал 2018-жылы 31-августта ачылмак, бирок мөөнөтүндө иштеген эмес.
Башкы прокуратура Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштап, июлда имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алууга бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close