БийликЖогорку КеңешЭкология

Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакбаев экологиялык маселеден улам жакалаша кетти

Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакбаев Бишкекти каптаган кара түтүн маселесинен улам кайым айтышып, андан кийин жакалаша кетти.

Күн тартибине киргизилген маселелерге алымча-кошумча киргизүү учурунда Кожобек Рыспаев Бишкек шаарынын атмосферасынын булганышы боюнча токтом бар экенин айтып, аны Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети карабаганын белгилеп, күн тартибинен алууну сунуштады.

“Агрардык комитет караптыр, бирок биздин комитеттен өтсүн. Себеби жалаң эле бизге тиешелүү маселелер экен. Бизден өтпөй туруп анан кантип алып чыгат? Анда агрардык комитет жооптуу болуп алып чыксын”, — деди ал.

Бишкек шаары. Архив

Депутат Экмат Байбакбаев чындап эле токтом ал мүчө болгон комитеттен өтпөгөнүн айтып, мыйзам боюнча токтом долбоору Жогорку Кеңештин сайтында бир ай илинип турушу керектигин билдирди.Өз кезегинде эл өкүлү Мирлан Маматалиев Бишкекти каптап жаткан кара түтүн маселеси орчундуу экенин, токтомду бир ай күтүүгө болбой турганын айтып, кайсы бир комитеттен өтө элек болсо, андан өткөрө койсо болорун белгиледи.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов кара түтүн боюнча эл акцияга чыгып, ар кандай сөздөрдү айтып жатканын билдирди.

“Силер комитет карай элекпиз, бирок билебиз деп отурасыңар. Билсеңер буга чейин карабайт белеңер. Бүгүнкү күнгө чейин жүрөсүңөр. Болду эй, кайра-кайра чыгып өзүңөрдүкүн “качать” эте бербегиле”, — деди ал.

Талашып тартышкандан кийин Байбакбаев менен Икрамов кайым айтышып, андан соң жакалаша кетти. Аларды башка депутаттар ажыратып калды.

Бир аз убакыттан кийин Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу депутаттардын элдешкен видеосун Facebook баракчасына жарыялады.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button