ДүйнөЭкология

Суунун жетишсиздигинин балдарга таасири

2040-жылга чейин дүйнө жүзүндөгү суунун жетишсиздигинин кесепетинен 600 миллион бала өлүм же ооруга чалдыгуу коркунучунда болот.

БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Дүйнөлүк суу күнүнөн улам жарыялаган отчетунда климаттык өзгөрүү, барган сайын күч алган кургакчылыктар жана дүйнө жүзүнүн бир топ жеринде болуп жаткан кагылышуулардын себебинен таза суу булактарынын ылдам бүтүрүлүшүнүн балдарга кандай таасир тийгизээрине көңүл бурду.

Отчетко караганда сууга болгон талап жыл сайын көбөйүүдө, бирок таза суу булактары азайган Жер шарында 36 өлкө олуттуу суу тартыштыгы менен бетме-бет келген абалда.

Күн сайын 5 жашка чейинки 800дөн ашуун бала таза суу жана гигиена болбогондуктан ич өткөк оорусунан каза болуп жатат.

Суу булактарынын ылдам азайышынан улам 2040-жылга чейин дүйнөнүн жалпысында күн сайын 4 баладан бирөө б.а 600 миллион бала өлүм же ооруга чалдыгуу коркунучунда болот.

Кургакчылыктын айынан ачарчылык менен күрөшүп жаткан Сомали, Түштүк Судан, Нигерия жана кагылышуулар болуп жаткан Йеменде 1,4 миллион баланын жетишсиз тамактанышынан өлүм коркунучу бар.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button