Саясат

Депутат Алтынбек Сулайманов добуштарды 20 миң сомдон сатууну сунуштады

Шайлоодо добуш сатып алууну кантип токтотсо болот? – деген суроого “Бир Бол” партиясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов “добушуңарды миң сомго эмес, 10-20 миң сомго саткыла” – деп жооп берди. Бул туурасында ЖКнын пресс-кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

“Бул нерсени токтотуу оңой эмес, мен мынтип айтат элем, добушту миң сомго эмес 10-20 миң сомго сатуу керек. Ал чогулуп келип бүгүнкү күндө 1000 сомдон сатып аткандардан 10 эсе кымбат болот. Ошентип 300 миңге мандат алып жаткандардыкы 3 миллион долларга айланат. Эгер кымбат сатса. Ушул жол менен эл, байларды жазалайт. 3 миллион долларга мандат сатып алуу пайдалуу болбой калат. Ошондо гана сатып албай, өз күчү менен өткөн, акылдуу, билимдүүлөр келишет”,-дейт Сулайманов.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button