Экономика

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджети 260 млн. сомго кыскарды.

Быйыл өлкөнүн социалдык тармагын тейлеген министрликке 11 миллиард 97,7 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми Кыргызстанда 1 миллион 429 миң адам жакырчылыкта жашайт, алар калктын 22,4 пайызын түзөрү айтылды.

 2020-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджети 260 милллион сомго кыскартылды. Бул туурасында министр Улукбек Кочкоров парламенттин жыйынында билдирди.

Андан соң өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын себебин түшүндүрүп, министрлик тарабынан тактоо иштери жакшы жүргөндүктөн ушундай бюджет каралганын айтты.

«Бул эмнени түшүндүрөт? Мурда пенсия, жөлөк пулдарды туура эмес алып жаткандарга бербей калдык азыр. Ошол эле учурда укугу барларга чегерүүнү чектеген жокпуз, айрымдарына кошуп берип жатабыз», — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, калктын жашоо-турмушу боюнча берилген суроого Кочкоров Кыргызстанда 1 миллион 429 миң адам жакырчылыкта жашай турганын айтып, алар калктын 22,4 пайызын түзө турганын билдирди.Белгилей кетсек, 2019-жылы Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджети 11 миллиард 97,7 миллион сом деп бекитилген.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close