Коом

Сопоков менен Саймаитинин байланышы

Туркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы боюнча жаңы жагдайлар чыкты. «Үмүт 2020» саясий кыймылы Сопоковдун Саймаити менен байланышын баяндаган видеосун жарыялады.

«Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова баяндаган видеодо ал мурдагы башкы консул Эркин Сопоков менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин байланышын социалдык тармактар аркылуу тапканы айтылат.

Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасында алгач Эркин Семет деген аккаунтту табышкан. Буга чейин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылганын маалымдаган.

Эркин Семеттин жарыяланган постторунун арасында «Рамадан Туризм» фирмасын визиткасынын сүрөтүн табууга болот. Ал визиткада «Рамадан Туризмдин» башчысы Эркин Семет экени жазылып турат. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Саймаити өлтүрүлгөн жерден табылган машиненин ээси мурдагы башкы консул Эркин Сопоковго таандык экенин, автоунаасын ал «Рамадан Туризмге» сатуу үчүн бергенин билдирген.

Саймаитинин өлүмү боюнча кыргызстандыктар кармалды

«Үмүт 2020» саясий кыймылы Эркин Сопоковдун «Фейсбуктагы» «досторунун» арасындагы Эркин Семет – Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити болгон деп божомолдойт. Буга далил катары Эркин Семет деген «Инстаграмдагы» катталуучунун баракчасын көрсөтүшкөн. semeterkin аккаунттунда мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун, Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчунун жана Айэркен Саймаитинин сүрөтүн табышкан. Сүрөт 2019-жылдын 18-февралында жарыяланган, ошол эле күнү Түркиянын мурдагы маданият министри Ялчин Топчу «Твиттерге» Сопоков жана анын достору менен жолукканын жазган.

Мына ушундай байланыштарды тапкан мурдагы депутат Ширин Айтматова төмөнкү суроолорду кабыргасынан койду:

«Стамбулга жөнөгөн жумушчу топ чындыктын изин жашырууга эмес, коомчулукка ачууга барды деп үмүт кылабыз. Биз төмөнкү суроолорго жооп талап кылабыз! 1-суроо: Айеркен Саймаити өлтүрүлөр алдында ким менен отурган? 2-суроо: мурдагы башкы консул Эркин Сопоков ал учурда кайда болгон? 3-суроо: Айеркен Саймаитинин «Фейсбуктагы»баракчасындагы досторунан арасынан айрым депутаттарды, алардын балдарын, коомдук ишмерлердин, спортчуларды таптык. Алар өлтүрүлгөн Саймаити менен кандай байланышта болгонуна түшүндүрмө талап кылабыз жана ал иликтөөгө жардам бере алабы? 4-суроо: бир жылдан бери издөөдө жүргөн Айеркен Саймаити 2018-жылдын март айында Бишкекте жасалма номурлуу машине менен видео жарыялап жатат, анда эмнеге кармалган эмес?»

Азырынча Ширин Айтматованын суроолоруна расмий органдар комментарий бере элек. Ошондой эле Эркин Сопоков да окуя боюнча өз пикирин айта элек. «Азаттык» радиосу Сопоковдун пикирин берүүгө даяр.

Буга чейин Ички иштер министрлиги 2017-жылы Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарып, эл аралык издөө жарыялаган. Буга кыргызстандык ишкерлердин биринин арызы себеп болгон.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде атып кетишкен. Кытайлык ишкер алган жараатынан улам ооруканада каза тапкан. Эртеси күнү аны өлтүрүүгө байланышы бар деп үч киши – сириялык Али Исбех жана кыргыз паспортун алып жүргөн Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер – Адана шаарында кармалган. Мамлекеттик каттоо кызматы жогорудагы эки адамды «Кыргызстандын жарандары эмес» деп билдирди.

Андан кийин Нормахамат А. аттуу адам буга чейин кармалган үч шектүүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде колго түшкөнүн 15-ноябрда Түркиянын «Сабах» гезити жазды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button