ОкуяларСаясат

Саясатчы Равшан Жээнбеков кармалды

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кармалганы кабарланды. Бул тууралуу  адвокат Замир Жоошев маалымдады. Анын айтымында, 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Жээнбеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Ал жерде бул окуя боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Кыяс Смаилов менен беттештирилген. Мындан соң Жээнбековго шектүү катары ИИМдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

“Учурда мен адвокат катары иш менен таанышуу үчүн баратам”,-деди Жоошев.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

49 жаштагы Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган эле.

Жогорку Кеңеш бүгүн Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун уккан. Анын жүрүшүндө айрым депутаттар Равшан Жээнбековдун жоопкерчилигин кароого чакырган. (BkA)

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close