БийликДен-соолукКоомӨкмөт

Саламаттыкты сактоо министри чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кечээ, 28-январда Казакстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Чалдовар”, “Акжол” СКПнын жана “Кайыңды” темир жол СКПнын адистери тепловизордун жардамы менен келген жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, алардын ден соолугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө.

Ошондой эле министр Москва жана Жайыл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү боксташтырылган (обочолонуп бөлүнгөн) палаталардын даярдыгы жана керектүү болгон жабдыктар менен камсыздалышын текшерип чыкты.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги 27-январга карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган бир дагы учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.

Сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

– Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
– Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
– Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
– Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
– Жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жакындабагыла;
– Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button