КоомОкуялар

Саймаитинин өлүмү: мурдагы консул Эркин Сопоков кармалды

Ушул жылдын 22-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренесинин 1-бөлүмү жана 130-беренесинин 1-бөлүмүнүн (“Адам өлтүрүүгө аракет кылуу”) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факты боюнча тергөө тобу сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштаган.

Ал эми 2019-жылдын 28-ноябрында Эркин Сопоков УКМКга суракка чакырылган.

Тиешелүү тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында Сопоков Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, Сопоковдун дипломатиялык номер тагылган унаасы Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан табылган.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button