Окуялар

Саймаитинин өлүмүнүн артында кандай сыр бар?

Эске сала кетсек, «Азаттыктын» май айында жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде кылмышкерлер атып кетишкен. Саймаити ооруканада көз жумган.

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу түрк басылмаларындагы акыркы кабарларда кол салууга шектүү кармалгандардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык болгону айтылган. Алардын биринин паспорту жасалма экени, эки кыргызстандык Түркияга бир ай мурун келгени кабарланды. Азырынча окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат бериле элек.

Турк полициясы, уйгур ишкер Айэркен Сайматинин олтурулуусундо Кытайдын изин издеп жатыптыр. Азыр кандайдыр бир талдоо кылыш кыйын, бирок далкелишкен фактылар ото коп. Жекече пикирим, Камчыдан тартып Раимге жана акырында Сокеге чейин болгон Кылмышкерлер менен Бийликтин тандеми бар

Стамбул шаардык прокуратурасы куралдуу кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал ортодо Айеркен Саймаитиге быйыл сентябрда Кыргызстанда издөө жарыялаганы ачыкка чыкты. Буга чейин Финансы полициясы Саймаити жубайы экөө өздөрүн жеке ишкер катары каттаткан банк эсептери аркылуу жалпы 646 879 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнүн ырастаган.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close