КоомОкуялар

Райымбек Матраимов Али Тотакунов жана Ширин Айтматованы сотко берди

21-ноябрь күнү “Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүнүн уландысын жарыялады. Иликтөөнүн алгачкы бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан эле. Резонанс жараткан иликтөөнүн уландысы “Азаттыктан” тышкары, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргыз өлкөсүндөгү өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттиги менен биргеликте жүргүзүлгөнү жазылган.

Иликтөөлөрдө кытай ишкери Айеркен Саймаити миллиондогон акчаларды Кыргызстандан чыгарып кеткендиги, ал акчалар 55 жаштагы кытай жараны , уйгур улутундагы Хабибула Абдукадырга тиешеси бар экендиги, жана бул иштерге Бажы кызматынын  төрагасынын мурунку төрагасы Райымбек Матраимовдун да аты аталган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары жогорудагы иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга күбө катары чакыртылган эле. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинине суракка кирип чыкты. Андан соң Райымбек Матраимовдун маеги kabarlar.org маалымат булагына жарыяланды. Маекте Матраимов:

«Мен август айынан бери чет өлкөдө бизнес менен алектенип жүргөнмүн. Өзүңөр билгендей ызы-чуу чыккандан кийин кайра Кыргызстанга кайтып келип, тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаалардын бетин ачууга кызыктармын.

700 миллион долларга эч кандай, 7 тыйынына да тиешем жок. Саймаитини тааныбайм. Мамиле түзмөк түгүл, көргөн эмесмин. Укук коргоо органдары мени 7 ай текшерди. Салык боюнча бир аз түшүнбөстүктөр болду, бизге айтылган сумманы төлөп бердик.

УКМКда тергөөнүн кызыкчылыктары үчүн бул жакта эмне маселени сурак кылышканын айта албайм. Мага тергөөдө эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок.

Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда болуп жаткан жалаалардын баары жалган.

Менин аброюма шек келтирип жалган маалыматтарды тараткан Али Токтакуновду, Ширин Айтматованы сотко бердим. «Азаттык» үналгысы эл аралык компания болгондуктан аларды эл аралык сотко берүүгө камданып жатам.

Тергөө бүткүчө Кыргызстандан кетпейм!»  деген.

Айта кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарына бул иликтөөлөрдү тезинен аягына чыгаруу үчүн тапшырмасын берген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button