Саясат

Путин Кыргызстан менен аскердик кат алышуу боюнча мыйзамга кол койду

Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга быйылкы жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзамдын негизги максаты — Кыргызстандагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) базасына аскердик корреспонденциялардын коопсуз жетишин камсыздоо.

 Мындан ары Россия менен Кыргызстандын ортосунда аскердик корреспонденция кол тийбестикке ээ болуп, коомдук транспорт менен ташыла баштайт. Буга мүмкүнчүлүк берген мыйзамга Россия президенти Владимир Путин кол койду. Документ Россиянын укуктук маалымат порталына жарыяланды.

Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга быйылкы жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган.Мыйзамдын негизги максаты — Кыргызстандагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) базасына аскердик корреспонденциянын коопсуз жетишин камсыздоо. Эми бул жакка аскердик почтаны жарандык учак, поезд жана автотранспорт менен ташый алышат.

Анын кол тийгистигин жана мамлекеттик чек араны тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн атайын тартип иштелип чыкты.

Келишимдин мөөнөтү беш жыл.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button