БийликӨкмөтПрезидентСаясат

Президент кайсы коррупционер менен күрөшүп жатат?

Алимбеков  Давлетбек Каарыевич 1968-ж. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1976-1986-жж. чейин Кара-Суу районунун Папан айылындагы «Арал» атындагы орто мектебинде окугандан кийин, 2005-ж. чейин Ош Технологиялык университетинде инженер-педагог адистиги боюнча билим алган. 1995-2005-жж. чейин Ошто жеке ишкердик менен алектенген. 2003-жылдан тарта саясатта чоң бизнес бар экенин байкап, Ош шаардык Кеңешине № 4 шайлоо аймагынан депутат болуп шайланган. Андан кийин 2005-жылдан 2007-жылдын май айына чейин Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттигинин башчысы болуп иштеп, 2007-жылы Ош шаардык депутаттар Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган. 2012-жылдын 20-январынан баштап азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп эмгектенет. Давлетбек мырзанын бир тууганы Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңеште депутат. Алимбековдорго таандык делген «Папан курулуш» ЖЧКсы, «Дианур Строй» ЖЧКсы, «Папан Металл» ЖЧКсы жана «Нурзаман» курулуш компаниялары бар.

Эске салсак Давлетбек Алимбеков министрдин орун басары болуп турганда 2013-жылдын май айынан ноябрь айына чейин ӨКМдан турак жай үчүн каралган каражатынан ай сайын 20 миң сомдон алып турган жана жалпысынан 140 миң сомду өздүк эсебине өткөрүп алган. Ага “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгону менен эсте калган.

Президент Сооронбай Жээнбеков “Коррупция менен күрөш токтобойт, уланат. Бул күрөштүн башында туруп берем.” деп айткан сөзүн бир эстеп, кечээ 24-январь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик жаңы стратегиясын иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин бир эстеп, кылмыш иши козголгон кишини кызматка коюп жатканын көрүп, “президент кайсы коррупцияга каршы күрөшүп жатат?” деген жоопсуз суроо пайда болот экен…

Чын эле президент кайсы коррупционер менен күрөшүп жатат?

Толугу менен
Back to top button