Коом

Ошто 31 жаштагы келин үч эм төрөдү

Калаадагы төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм жарыкка келди. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын үчөө тең кыз.

Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу башкы дарыгер Зейнеп Исраилова билдирди.

Маалыматка ылайык, үч кыз операция жолу менен 18-ноябрь күнү төрөлдү. Биринчи ымыркай 2,3, экинчиси 2,8, үчүнчүсү 2,1 килограмм салмакта жарыкка келди.

Үч эм төрөгөн эне  31 жашта,  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылынын жашоочусу.

Ош шаардык төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм төрөлдү.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button