Коом

Ошто тойго кетчү акчага турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк таратышты

10-ноябрь күнү Ош шаарындагы ресторандардын биринде өзгөчө той өттү. Баш кошуп жаткан эки жаш тойго кетчү чыгымды турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жардам катары беришти. Бул тууралуу жаш үй-бүлөнүн досу Илгиз Шамырзаев билдирди.

25 жаштагы Нургазы Нурлан уулу кайрымдуулук фондунда иштейт. Ал баш кошуп жаткан жубайы менен тойго кетчү чыгымды турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө көмүр, азык-түлүк катары бөлүп берди.

«Тойго каттоо социалдык тармак аркылуу жүргүзүлгөн. Ага эки жаштын туугандары, достору болуп 500дөй конок келди. Катталбаган 50-60 адам да кошулду. Тойго Ош шаарынын казыятынын өкүлдөрү, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков катышты. 2,5 саатка созулган тойдо үй-бүлөгө ысырапкорчулук тууралуу кеңештер, акыл-насааттар айтылды. Ошондой эле китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, көпчүлүгү китеп сатып алышты», – деди Илгиз Шамырзаев.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button