Спорт

Олимпиадага лицензия алган Юлия Андреева Ысык-Көлдө машыгууда.

Андреева 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алган алгачкы кыргызстандык жөө күлүк. Ага жолдомо ушул жылдын 8-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon эл аралык марафонунда биринчи орунду ээлегенден кийин берилген.

Токио Олимпиадасына жолдомо алган кыргызстандык жөө күлүк Юлия Андреева Чолпон-Ата шаарында машыгууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Андрееванын 5-декабрда башталган машыгуусу 22-декабрда аяктайт. Аны менен машыктыруучусу Григорий Андреев иштеп жатат. Командага олимпиадалык спорт боюнча дирекция тарабынан 108 миң сом каралган.
Юлия Андреева — 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына лицензия алган алгачкы жөө күлүк. Ага жолдомо ушул жылдын 8-сентябрында Нур-Султан шаарында өткөн Astana Marathon эл аралык марафонунда биринчи орунду ээлегенден кийин берилген. Жакында эле жеңил атлеттерден Дарья Маслова да Олимпиадага жолдомо алды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button