Коом

Ноокаттык ишкер коңшу айылга тез жардам унаасын белек кылды.

Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагындагы оорукананын неврология бөлүмүндөгү эскилиги жеткен тез жардам унаасынын ордуна заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы тез жардам унаасын белгисиз ишкер белек кылып берди.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында ал Москвада эмгектенген коңшу айылдын тургуну.

“Өзүбүздүн Атамеректе дагы жакшылык кыла алчу толтура колунда бар кишилер бар эле. Алардын баарына кайрылдык. Бишкекте, Москвада бизнес кылып жүрүшөт. Мактанганда ооз көптүрүп сүйлөшөт. Бирок ушундай иштерге келгенде эч нерсе көрмөксөн болуп коюшат экен. Ушул Калдай айылынын тургуну Кенжебек аттуу бала деп жатышат. Аллах ыраазы болсун! Биздин айылга да ушундай берешен уулдар болсо деп тилейт элем” деди жергиликтүү тургун.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага керектүү медициналык жабдуулар орнотулган. Жеке ишкердин белеги бейтаптар, дегеле калк үчүн чоң жардам болору талашсыз.

Эскерте кетсек, бул белгисиз ишкер буга чейин да меценаттык кылып, спорт комлексин куруп берип,  бир топ кайрымдуулук иштерин кылып келет.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button