Дүйнө

Нигериянын мотоциклге тыюу салынды

Шаарда 2016 – 2019 - жылдары көп болгон унаа кырсыктарына бөгөт болуу үчүн ушундай чечим чыгарылгандыгы белгиленди.

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын соода борбору жана мурунку борбор шаары Лагосто көп болгон кырсыктар жана кылмыш окуяларынан улам мотоцикл айдоого тыюу салынды.

Лагос аймагынын өкмөтүнөн берилген маалыматта өлкөдө оңой транспорт катары колдонулган жана «Кеке» деп аталган мотоциклдердин шаардын Икежа, Лагос Маинланд, Лагос Исланд, Апапа, Сурулере жана Ети Оса аймактарында февраль айынан баштап колдонулушуна тыюу салынары белгиленди.

Маалыматта шаарда 2016 – 2019 –  жылдары көп болгон унаа кырсыктарына бөгөт болуу үчүн ушундай чечим чыгарылгандыгы белгиленди.

Куралдуу козголоңчулар мотоцикл колдонгон өлкөнүн түрдүү аймактарында коопсуздукту түзүү максатында мотоцикл колдонууга тыюу салынган.

Толугу менен
Back to top button