Без рубрики

Милиция ЖККУнун жыйынын өткөрүүгө толугу менен даяр

Милиция Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынын өткөрүүгө толугу менен даяр. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Чүй облустук ИИББнин жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу Сапарбек Асаналиев билдирди.

Анын айтуусунда, жеке курам кызмат өтөөгө даяр.

«Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрөбүз. Милиция кызматкерлери үчүн жылынуучу жана ысык тамак-аш ичүүчү пункттар каралган. Андан тышкары, «Манас» аэропортунун жанында атайын чатырлар тигилет», – деди Асаналиев.

Эске сала кетсек, 27-28-ноябрда Бишкекте ЖККУнун кезектеги жыйыны өтөт.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button