АналитикаСаясат

Мамак кармады делген Мамбетов өкмөт башчы болобу?

Темир Сариев, Азиз Суракматов, Канатбек Исаев, Бактыбек Калмаматов, Алмаз Мамбетов дегендердин талгагы аябай күчөп, күн-түн дебей өкмөт башчынын ордуна жандалбастап аракет кылышууда. Аксакалдары чогултуп өкмөттү “өз колубузга албасак оңолбой калдык” деп сүйлөшүү жүргүзгөндөр жөнүндө да айың кептер арбын айтылууда.

Абылгазиевдин өкмөтү жаздын илебин көрбөй отставкага кетиши мүмкүн. Анткени, анын акыркы эки жылы Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши менен эле өтүп кеткендей болду. Бул убакыт ишке эмес, интригага гана кетти. Абылгазиевге “айран катыкталган” жугундулар челектеп эле куюлбадыбы?

Жазылбаган мыйзамдар кээ бир мамлекеттин башкы конституциясындагы мыйзамдарга караганда туруктуу иштейт. Кызматка жалаң түштүктүктөр келбей, анча-мынча аркалыктарга да орун берилиши керек. Ал эмес “арканды алыс ташта дегендей” азыркы президент кезекти бир “аркалыкка” мурастап берсе, анда ал Алмаз Мамбетовдон башка бирөө боло албайт деген божомолдор эл арасында айтыла баштаганы да жөн жерден эмес. Андан тышкары, анын айланасындагы интригалар да аны кызгангандар тарабынан уюштурулуп жаткан жок деп ким кепилдик бере алат?

Президент болуу кезеги Көлдүктөргө эчак эле келгенин эске алганда, кызматтан кызматка көтөрүп, даярдап келаткан жападан-жалгыз ишенгени ушул Алмаз эмеспи? Бир чети Алмаз келсе регионалдык түшүнбөстүк маселеси да чечилет беле. Эгер ал өкмөткө келсе, биринчи кезекте өлкөдөгү экономикалык, социалдык жана эң негизги саясий кыйынчылыктарды жоюп, каптап келаткан батыштын бороонунун мизин кайтаруу менен алектениши керек.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларына 01KG 578 ACD номери тагылган беш автоунаанын сүрөтү тарап кеткен. Алардын бирин айдап бараткан киши Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Өз кезегинде Мамбетов тараган сүрөткө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Кийин ЖКККББ жасалма номер тагылган автоунааны 22 жаштагы жигит айдап баратканын айтып, аны кармаган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button