МаданиятОкуялар

Майра Керим кызынын уулу 26 жашында каза болду

Маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыктын кесепетинен каза болду.

Акын Бердибек Жамгырчиев «Баракелде» басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, жол кырсык бүгүн, 11-ноябрда таңга маал Балыкчы—Кочкор унаа жолунда болгон. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Акжолтой Канат уулу 1993-жылы төрөлгөн.

Казак-кыргызга белгилүү төкмө акын Майра Керим кызы 2009-жылы узакка созулган оорудам улам көз жумган.

Толугу менен
Back to top button