Дүйнө

Кытай космоско спутник учурду

Кытай өнөр жайда 10 гигабайт маалыматты өткөрө ала турган тилкелүү  байланыш спутнигин космоско учурду.

Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда бул тилкелүү байланыш спутниги өлкөнүн түштүк батышындагы Жучүен спутник учуруу борборунан Куайжоу 1А ракетасы менен орбитасына жиберилди.

Авиация жана космостук фирмасы Galaxy Space тарабынан чыгарылган спутник төмөнкү орбитада жылып жана секундасына 10 гигабайттык маалымат өткөрө алат.

Спутниктин чөл, океан сыяктуу аянттар менен бирге ылдам поезд жана учак сыяктуу коммуникацияда кыйынчылык тарткан жерлер үчүн колдонулушу пландалууда.

АКШ менен Орусиядан кийин «космос жарышына» кирген Кытай алыстан маалымат алуу спутниктери, глобалдык жайгаштыруу, байкоо, орбитада тилкелүү байланыш спутниктери, оритада туруктуу космостук станциясын куруу, ай тууралуу эмгектер, марс, юпитерди изилдөө сыяктуу долбоорлор менен 2045 – жылы «космостун лидери» болууну максат кылууда.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button