ДүйнөИлим-БилимТехнология

Кытай акылдуу шаарларды курду. Анын кесепети кандай?

ShenzhenШэньчжэнь 30 жылдын ичинде чакан кыштактан заманбап шаарга айланды

Отуз жыл мурун Шэньчжэнь балыкчылардын кыштагы болгон. Айланада күрүч талаалары бар эле.

Ошондо Кытай бийлиги чет өлкөлүктөр инвестиция сала алгыдай биринчи атайын экономикалык зонаны дал ушул кыштакта жаратууну чечкен. Чакан айыл кеңейип, жеке бизнестер, заводдор ачыла баштады.

Шэньчжэнь кыска мөөнөттүн ичинде 12 миллион тургуну бар “акылдуу” шаарга айланды. Эми алдыңкы технологиялар менен курулган шаардагы камера системасы тургундардын жашоосун жеңилдетеби же алар бир гана көзөмөл үчүн колдонулабы деген суроо туулуп жатат.

Таза шаар

2050-жылга карата 292 миллион кытайлык шаарда жашап калат деген жоромол бар. Учурда өлкө калкынын 58 пайызы айылда эмес, шаарларда жашайт. Эске салалы, 1980-жылы кытайлыктардын 18 гана пайызы шаарларда жашаган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кытайда 662 шаар бар, алардын 160да бир миллиондон көп киши жашайт.

Road network in ShenzhenШэньчжэнь бийлиги технологиянын жардамы менен тыгындарды азайтуу аракетин көрүп жатат

Жиан Вей Доң шаар бийлигинин жогорку расмийлеринин бири. Ал Би-Би-Сиге берген маегинде Шэньчжэнде кандай технологиялар колдонулуп жатканын түшүндүрдү. Көрсө, калаа курулуп жатканда, тазалыкка өзгөчө көңүл бурулган экен.

Доң мырзанын айтымында, Кытай бийлиги Шэньчжэндин көчөлөрүнө бир гана электр кубаты менен жүргөн автобус менен таксилерге уруксат берген. Андан тышкары шаарга акылдуу саламаттык системасы дагы орнотулган. Башка аймактан көчүп келгендер оңой жол менен медициналык маалыматын система аркылуу таба алат.

Би-Би-Синин шаарга орнотулган коопсуздук системасы боюнча суроолоруна Жиан Вей Доң кыска жооп кайтарды.

“Биз бир гана жолдогу тыгындарды азайтуу системасы тууралуу билебиз. Шаар тургундарын көзөмөлдөгөн система жок”,-деди ал.

Маалымат топтоо

Кытай жыл сайын жаңы шаарларды тездик менен куруп жатат. Айталы, Бээжин жакын арада дагы 19 чоң шаар курууну көздөп турат, аларды бир топ кылып бири-бири менен байланыштырмакчы. Андан тышкары Кытай дүйнөдөгү биринчи 40 миллион тургуну бар “супер-шаар” куруу долбоору дагы бар.

Калкынын саны 40 миллионго жеткен шаар курулганда, ар бир көйгөй дыкат каралышы керек. Бир аптага созулган тыгындарды алдын алуу үчүн алдыңкы системалар орнотулушу зарыл. Ал эми коомдук транспорт системасы жашыл технологияны колдонбосо, калаанын абасы булганып, дем алууга мүмкүн болбой калат.

Ошол эле маалда шаардын тургундары дагы жоопкерчиликти мойнуна алып, таштанды ыргытуу сыяктуу маселелерге көңүл бурушу керек. 40 миллион тургуну бар шаарда жол чырактардан туура эмес өтүү дагы чоң тыгын жаратышы ыктымал.

Man travellingКытай коомдук ишеним системасын киргизген

2014-жылы коомдук ишеним системасы сунушталган. Бул система коомдук жайда мыйзам бузгандарды жазалайт. Мисалы, өткөн жылы март айында миллиондогон жүргүнчүлөр поездге же учакка билет сатып ала албай кыйналышкан. Алар коомдук жайда тамеки тартып, же коомдук транспортко билет албай түшкөнү үчүн жазаланган. Ал эми мыйзамды сыйлагандар, тескерисинче сыйланат.

Учурда коомдук ишеним системасы бүткүл Кытайга тарай элек жана ал борбордук бийлик тараптан көзөмөлдөнбөйт. Ар бир жергиликтүү бийликтин өзү кабыл алган системасы бар.

Мындай системага туш болгон чет өлкөлүктөр таң калат. Акылдуу шаар боюнча адис Чарлз Рид Андерсон, Кытайга келген таанышынын окуясын эстеди.

“Таанышым аба майдандан мейманканага чейин такси менен келген экен. Чөнтөк телефонун таксиде унутуп калыптыр. Мейманкананын кызматкерине айтса, алар аны полицияга алып барышкан. Полиция такси тууралуу маалыматты алып чыгып, жакын жайгашкан башка бөлүмгө ээрчитип барган. Ошол бөлүмдүн кызматкерлери таксини камералар аркылуу таап, айдоочуга байланышып, телефон калып калганын айтышкан. Ошондо таанышым эки сааттын ичинде телефонун артка алган. Ал эми таксинин айдоочусу полициядан бул окуя анын коомдук ишеним упайына таасир этпейби деп коркуп сураган экен”,-дейт Андерсон.

Woman with Shenzhen superimposed on body

Албетте, бул системаны сындагандар абдан көп. Кытайлыктар болсо системаны жылуу кабыл алды. Алар мамлекеттин көзөмөл алдында өскөн муун экенин дагы эске сала кетели. Чет өлкөлүктөргө болсо мындай деңгээлдеги көзөмөл эркиндикти чектөө катары кабыл алынышы мүмкүн.

“Мен системаны 100 пайыз колдойм деп айта албайм. Анын терс жактары көп, бирок пайдалуу тарабы дагы бар. Ага карабастан, системаны туура эмес колдонсо болот деген пикирдемин”,-дейт Андерсон.

Адам укуктарын коргогон Human Rights Watch уюму мусулмандар басымдуулук кылган Шинжаң провинциясындагы коомдук ишеним системасы смартфон программасына байланып, аны Кытайдын полициясы менен өкмөт расмийлери көзөмөлдөп жатканын аныктаган.

Маалымат кимдин колуна тиет?

Учурда технологиянын жардамы менен өкмөт ар бир жаран жөнүндө маалымат топтой алат. Маселе маалыматтын жеке компаниялардын колуна тийгенде болуп жатат. Акылдуу шаар куруп жатканда өкмөт сөзсүз түрдө чоң жеке компаниялар менен бирге иш жүргүзөт.

Мисалы, Alibaba же Tencent сыяктуу компаниялардын колунда эмитен эле жарандар тууралуу маалымат топтолгон. Alibaba эки жылдан бери камера жана унаадагы GPS маалыматтарды топтоп, тыгындарды азайтуу системасын иштеп чыккан.

Учурда Alibaba миңден ашуун жол чырактарды башкарып, тыгынды азайтуу аракетин көрүп келет. Тыгыны эң көп делген Кытайдын беш шаарынын бирине Alibaba системасын оронтуп, жети миллион тургуну бар шаар эми тыгын боюнча 57 орунга жылганын айтууда.

Дал ушундай системаларды иштеп чыгуу үчүн Кытай бийлиги технология жаатында иш жүргүзгөн компанияларга бекер жер таратууда. Шэньчжэндин бийлиги Tencent ишканасына “технология жана инновацияга басым жасаган район куруу үчүн” 809 чарчы метр жерди бекер берген.

Aerial shot of Toronto with the waterfront land in front“Гугл” компаниясына байланышы бар Sidewalk Labs ишканасы Торонтодо санарип шаар куруп жатат

Мындай ыкманы Батыш мамлекеттери дагы колдоно баштады. Австралиянын Дарвин шаарынын расмийлери жакында эле Кытайга келип, Huawei компаниясынын Шэньчжэндеги системасын көрүп кетишкен. Андан кийин Дарвин шаары менен Huawei 10 миллион долларга бааланган келишимге кол коюшту. Эми Huawei Дарвинге 900 акылдуу жол чырактарын, айлана-чөйрөнү көзөмөлдөгөн 24 сенсор жана 138 камераларды орнотот.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button