Илим-БилимКоом

Кыргыз тилинин фразеологизмдеринин онлайн сөздүгү пайда болду

Онлайн сөздүк «Эл-Сөздүк» кыргыз тилинин онлайн сөздүгү жана Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту биргелешип жасаган иш болгон.

«Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү, кыргыз тил институту 2015-жылы чыгарган «Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгүнүн» негизинде түзүлгөн. Сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабият жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен коштолот», — деп билдиришти Илимдер академиясынан.

Илимдер академиясынан белгилешкендей, жакын арада «Эл-Сөздүктүн» базасы кыргыз тил институту түзгөн «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», «Манас» эпосунун сөздүгү», «Синонимдер сөздүгү», «Антонимдер сөздүгү» ж.б. сөздүктөр толукталат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
Close
Close