ВидеоКоомОкуялар

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

16-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасында кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Буга тажик жараны такталбаган чек ара участкасына тосмо тосуп алганы себеп болду.

Жогорудагы маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 30-40 жараны чогулуп, аталган көрүнүшкө нараазычылыктарын билдиришкен.

Конфликт болгон жерге Кыргызстандын чек ара кызматынын кызматкерлери барып, Тажикстандын жарандарынан такталбаган аймакта ишти токтотууну талап кылган. Бирок, тажик жарандары чек ара кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартышкан.

Чек арада чыккан чыр боюнча кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, анын натыйжасында чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселеси чечилмейинче, мамлекеттик чек аранын такталбаган аймактарында ар түрдүү иштерди токтотуу чечимин кабыл алышты.

Учурда чек ара кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Чогулган тургундар тарашып, чек арадагы абал турукташты.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button