КоомСпорт

Кыргыз спортчусу дүйнөлүк снукер чеберлери менен бир катарда

Кыргызстандык спортчу өтө оор беттеш өткөрдү. Беттеш 12-январь күнү Кыргызстандын убактысы боюнча саат 05:00дө аяктады. Мальта өлкөсүнүн өкүлү Айвен Аттард өтө эле тажрыйбалуу эле. Анын үстүнө, ал өз жеринде болгондуктан, аренада аны колдогондор көп болду. Башталганда эле, биринчи фреймде биздин оюнчу 30 упай серия жасады. Бирок, ошол бойдон башка мүмкүнчүлүк алган жок. Атаандаш өтө жакшы оюн куруп, кууп жетип, андан ары фреймди утуп алды.

Экинчи фреймде, Айвен өзүн бир аз бош кармап койду окшойт. Сыймык ошол замат эсепти теңеп алды. 3-фреймде Айвен биздин сопoртчуга баш көтөрткөн жок! Кайрадан артта калдык.

Чынында, андай 3-фреймден кийин, Сыймык калыбына келбесе керек деп ойлогом. Бирок, бир саатка жакын тактикалык күрөштө, биздин жаш спортчу туруштук берди. Фреймдеги акыркы чабуулга ээ болуп, кайрадан эсепти тенеди.

Чечүүчү фреймдин алдында танапис болду. Араң турган оюнчу сынып калбасын деп, эч бир оор тапшырма же сын-пикир айтпадым. Болгону болоор деп, өз эркине гана койдум. Чынында эле, башталышынан жакшы чабуул коюп, 50 упайдан ашып кетти. Бирок, Айвен тактикалык жана позициялык күрөш кандай болоорун, биздин оюнчуга жөн эле мастер-класс кылгандай болду. Кара борттун бойлоп, бир нече ирет ак ташты жашырып жатып, биздин спортчуну ката кетирүүгө мажбурлап жатты. Жыйынтыгында, кууп жетип, аяктоочу чабуулга өттү. Мына утулдук деп калдык. Не болду билбейм, акыркы күлгүн ташты кийире албай калды. Эсеп боюнча 55:49 эле. Кайрадан узакка созулган тактикалык күрөш. Айвен бул ирет да таш жашырып жатып, Сыймыкты адаштырды. Эсеп 55:55 болуп калды.

Акыркы кара таш эки тарап тең үчүн группадагы маанилүү жеңиш бере турган болуп калды. Атаандаш адатынча эле, ыңгайсыз жерге кара ташты жайгаштырып, Сыймыктын ката кетирүүсүн күтүп жатты. Бир ирет гана кара таш борто жетпей токтоп калды. Аралык алыс эле. Көп кезде, Сыймык эле эмес, профессионалдар да мындай абалда коргонуу аракетин кылат. Бирок, бул ирет Сыймык чабуулга барууну чечти. Соккудан кийин, кара таш тор баштыкты көздөй жөнөгөндөй көрүндү… Чындап эле, таш түштү.

Ошентип, Кыргызстандык жаш снукерчи Сыймык Ураимов маанилүү жеңишке жетти. Дагы бир жеңиш бизге плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Толугу менен
Back to top button