КоомТехнология

Кыргыз жигити кыргыз ракетасын космоско учурат

Бишкекте туулуп, №67 орто мектепти аяктаган 29 жаштагы кыргыз жигити Музарбек Жолошев эмдиги жылы Кыргызстандан космоско ракета учурганы турганын айтып чыкты. Жергиликтүү ММКларга билдиргендей, Музарбек 2007-жылы АКШга кетип, университетке өтүп, машине куруу инженери болуп чыккан. Андан соң (NASAга) космос мейкиндигин изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук башкармалыкка жумушка орношкон. Музарбек 3-курсунда окуп жүргөндө NASA мыкты студенттерди тандаганын, конкурстан 30дай студенттин арасында өтүп кеткенин, ал жакта негизинен спутник куруу менен алек болгонун айтып берген. «Эки спутник жасадык. Бирөөсү учурулуп, Жер шарын айланып чыкты. Экинчиси Айга учту. Ал өз алдынча спутник. Мен спутниктин космостогу навигациясы үчүн жооп берчүмүн. Ал күн менен жылдыздардын нурлары аркылуу космосто өзүн жоготпой жүрүүгө тийиш. Анан учурулгандан кийин бир калыпка түшүүсү кажет, менин ишим ошол калыпка магниттер аркылуу түшүрүү эле. Ал ийгиликтүү аяктаганда сыйлык алдым» дейт. Музарбек сөзүнүн аягында изги идеясы менен бөлүшүп: «Эмдиги жылы Кыргызстандан космоско ракета учурсакпы деп турабыз. Аны өзүбүз эле жасайбыз, ашыкча мээнин деле кереги жок. Ракета 4 метр бийиктикте болот, GoPro камераларын орнотобуз да, учурабыз. Ал Кыргызстандын үстүндө гана айланып жүрүп, анан парашют менен кайра жергебизге конот»-деген. Бул демилгени Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүү үчүн жасай турганын кошумчалаган.

Толугу менен
Back to top button