Экология

Кыргызстан суу башы, бирок…

Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу башы экени белгилүү. Бирок учурда «суу башы» эмес, «эл башынын» өкүмү сүрүп жаткандай. Өлкөнүн суу ресурсу ички керектөөнү гана камсыз кылбастан, мамлекет аралык мааниге да ээ. Суу мол болгон жылдары анын көлөмү 57,3 млрд. кубометрге чейин жетет. Анын 45 млрд. кубометри же 78 пайызы коңшу өлкөлөргө агып чыгат. Бирок суунун кору көп болгону менен аны натыйжалуу пайдалана албай келе жатабыз. Бактыбек Калмаматов сыяктуу белгилүү саясий ишмерлер, экологдор Кыргызстан бул суунун болгону 20 пайызын гана пайдаланып, калган 80 пайызын коңшу өлкөлөр – Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан сарптап жатканын бир эмес, көп жолу айтты. Буга кошумча сууну энергетика багытында да ыгы жок колдонуп жатканыбыз белгилүү. Учурда өлкө колдо бар гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайызга жетпегенин гана пайдаланууда.

Сууну башкаруу дегенде эле аймактык башкаруу тууралуу сөз болот. Канча деген эксперттер, аналитиктер Борбор Азияда сууну пайдалануу жаатында сунуш киргизип, сын айтышпады. Ал гана эмес бул маселеге Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да кийлигишти. БУУ Европалык экономикалык комиссиясы Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда биргелешип суу пайдалануусуна да киришти. Мында сөз Чүй жана Талас сууларын пайдалануу тууралуу сөз болгон. Бирок, азырынча аймактагы суу маселеси оң жагына чечиле элек. Борбор Азиядагы сууга байланыштуу маселеде Кыргызстан менен Тажикстан «суу башынын» ролунда. Бирок коңшу Өзбекстан, Казакстан өз оюн билдирип, бир катар маселенин башы чечилбей келет. Мында биринчи кезекте электр энергиясы менен суу маселеси чырмалышып турат. Кыргызстан менен Тажикстан сууну пайдаланып, электр энергиясын өндүрүүгө кызыкдар болсок, Казакстан менен Өзбекстан сугат сууну алууга басым жасайт.

Учурда эң ири делген Нарын дарыясынын агымынын 15 пайызга жакыны гана республиканын ички керектөөсүнө жумшалат. Суунун калган бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанда сарпталат. Советтик мезгилде эле Нарын дарыясында баш-аягы 16 ГЭС курса болоору каралган. Учурда дарыяда 7 ГЭС иштеп, жылына 11 миллиарддан киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп жатат. Мында 6 ГЭС мурунураак курулса, «Камбар-Ата-2» ГЭСи 2010-жылы ишке берилген. Эми алдыда «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу маселеси турат. Коңшулар суу бер деген менен Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылып жаткан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд. кубометрге чейин түштү. Энергетиктер быйыл калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болот дегени менен иш тескерисинче чыгып, байма-бай электр өчүрүлгөн убактар болду. Буга суу сактагычтагы суу эмес, энергетика тутумундагы жабдуунун эскириши негиз болууда. Бирок Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлине көз салуу башкы маселенин бири. Анткени буга 2008-жылдардагы суу-энергетикалык каатчылык Кыргызстанга чоң сабак болду.
Суу маселесин чечүүдө алгач аны башкарууга байланыштуу мамлекеттик органдын иши алгылыктуу болушу керек. Мисалы, энергетика жана суу тармагын бир мамлекеттик органга бириктирүү зарыл.
Кыргызстандын суусунан коңшулардын экономикасы көз каранды экенин эч ким танбайт. Учурда өлкө коңшулардын кызыкчылыгында жазгы-жайкы сугат иштери үчүн сууну топтоп берет. Аймакта суу топтоп бергендиги үчүн отун-энергетикалык ресурсту компенсациялап берүүнү жөнгө сала турган келишим бар. Бирок коңшулар жаратылыш газын берүүдө өз талаптарын гана коюп келет. Мисалы, баасы жылда асмандап, газ берүү аба-ырайына байланыштуу делип же дагы башка шылтоо менен үзгүлтүккө учурап келет. Албетте, газ баасы кымбаттаса, Кыргызстан электр энергиясын көбүрөөк өндүрүүгө кызыкдар болот. Мындай шартта коңшулар сууга муктаждыгын билдирип, бул маселени аймактык эмес, эл аралык мааниге чейин көтөрүп жиберишет. Ошондуктан, газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө суу маселесин кошо көтөрүү зарыл. Ушундай шартта гана Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргой алат.

Суу ресурстарын пайдалануу жаатында илимдин жетишкендиктери пайдаланылган жок. Илим жаатында бир кезде Бишкекте Суу-энергетика академиясын ачабыз деген демилге көтөрүлгөн. Азырынча Кыргызстан суу маселесинде дүйнөлүк тажрыйбаны пайдаланып сунуштарды иштеп чыгууда, суу ресурсун өз ара натыйжалуу пайдаланууда, ошондой эле адистерди даярдоодо илимдин жетишкендиктеринен кур калып, аксап жатат…

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button