КоомСпорт

Кармаш уланат! Кыргызстан менен беттешчү япон футболчуларынын баасы жана ойногон клубдары

Бейшемби күнү Бишкекте Кыргызстандын футбол командасы 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Япония менен беттешет.

Кыргызстандын оюнчулары менен беттеше турган Япониянын футбол командасынын курамына 23 футболчу кирет. Алардын көпчүлүгү европалык клубдарда ойноп жүргөн футболчулар. Бул туурасында Япониянын футбол ассоциациясынын сайтында маалымдалат.

Оюн 14-ноябрда Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Япония 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи этабындагы F группасынын сап башында турат. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда бара жатат.

Бишкекке келген 23 футболчунун жетөө гана япониялык клубдарда беттешке чыгат. Үч оюнчусу Португалия, Германия, Белгиянын клубдарында, экөө Францияда ойнойт. Ошондой эле Австрия, Англия, Түркия, Сербия жана Испаниянын футбол клубдарынын намысын коргоп жүргөн спортчулар бар.Германиянын белгилүү Transfermarkt.de порталынын маалыматы боюнча, 23 япон футболчусунун баасы 81,5 миллион еврону түзөт. Эң кымбат оюнчу Португалиянын «Порту» клубунда ойногон Сёя Накадзима 25 миллион еврого бааланат.

Ал эми Кыргызстандын курамасындагы 12 оюнчунун баасы 2 миллион 525 миң евро. Алардын ичинен эң кымбаты (1,2 миллион евро) команданын капитаны Валерий Кичин.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close