Коом

Кыргызстан Кытайдан эт жана эт азыктарын алып келүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Мындай маалымат Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын расмий сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, Хенань провинциясынан Кыргызстанга 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келген. Анын үлгүсү Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна (ВДЭБ) жиберилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыгып, коопсуздугу аныкталгандан кийин сатууга уруксат берилген.

Ал эми социалдык тармактарда “Государственная санитарная инспекция Кыргызской Республики” деп таратылып жаткан кабар чындыкка дал келбейт деп билдирет. Туура эмес маалыматты таратып жаткандарды аныктоо үчүн аталган мамлекеттик инспекция УКМКга кат жөнөттү.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button