Экология

Кыргызстандын суу байлыгы

Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан суу ресурстарынын кору боюнча Борбор Азияда Тажикстандан кийинки экинчи орунда, КМШ боюнча үчүнчү орунда турат. Тагыраак айтканда, Борбор Азиянын суу ресурстарынын 40 пайызы Кыргызстанда жайгашкан. Өлкөдө таза суунун булагы болгон 5 миңден ашык мөңгү бар. Жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашык болгон мөңгүлөрдөгү суунун кору 760 млрд. кубометрге чейин жетет. Башкача айтканда, мөңгүлөр Кыргызстандын аянтынын 4,2 пайызын түзөт. 10 чакырымдан узун болгон 2 миңден ашык суулар бар. Алардын жалпы узундугу 35 миң чакырымга жетет. Мындан тышкары деңиз деңгээлинен 3-4 миң метр бийиктикте жайгашкан көлдөр, жер астындагы суулар бар. Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу ресурстары өз булактарынын эсебинен камсыздалган жападан-жалгыз өлкө болуп саналат. Республика жылына болжол менен 10-12 млрд. кубометр суу керектейт. Мында орто эсеп менен киши башына 12 миң кубометр суу туура келет. Суунун 89 пайызы сугат үчүн пайдаланылат. Мында сугат суунун 90-92 пайызы ички ресурстар менен камсыздалат. Суунун 6 пайызы өнөр жай тармагында, 3 пайызы коммуналдык-тиричилик тармакта, калган бөлүгү чарба ишинин башка түрлөрүндө сарпталат.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button