Экология

Кыргызстандын көз талдырган тоолору. Уникалдуу сүрөттөр

2002-жылы Кыргызстандын демилгеси менен Тоолордун эл аралык жылы белгиленген. Анын урматына уюштурулган иш-чаралардын алкагында Бишкек глобалдык тоо саммити өтүп, тоо платформасы кабыл алынган.

Кийинчерээк, 2003-жылы, БУУ резолюция кабыл алып, анын негизинде 11-декабрды — Тоолордун эл аралык күнү деп жарыялаган. Муну менен БУУ эл аралык коомчулукту жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштурууга чакырган. Анын негизги максаты — тоолуу аймактардагы көйгөйлөргө элдин көңүлүн буруу эле.

Кыргызстанда эң бийик тоо катары Жеңиш чокусу (7439 метр) эсептелет. Ал эми батыш Европада эң бийик тоо — Монблан (4810 метр). ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастарына кирген Фудзияма (3776 метр) Япониядагы эң бийик тоо катары саналат. Дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эверест (8848 метр).

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close