
Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев аралаш мушташ боюнча эл аралык Abadan FC 9 мелдешинде жеңүүчү аталды.
Маалыматка ылайык, турнир Түркиянын Стамбул шаарында 22-декабрда өттү. Программада 13 беттеш орун алган.
Дастан Шаршеев Беларус спортчусу Александр Михайлин менен күч сынашып, алгачкы мүнөттөрдө атаандашын жеңип чыккан.