Маданият

Куудул Тынар Курбаналиевге чара колдонулат

Айрым куудулдардын сахнадагы программалары дыкат каралып, сахналык маданиятка ылайык келбеген сатираларга чара колдонулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Эске салсак, буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары айрым куудулдарын чектен ашкан тайкы тамашаларына нааразы болуп, министрликке жамааттык кат жолдошкон. Анда куудул Тынар Курбаналиевдин чыгармачылык сатирасына карата чара көрүү жөнүндө кайрылуу жазылган. «Сиздердин кайрылууңуздардын негизинде жогорудагы инсандар менен мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз жана активдүү билдирүүлөрдү калтыргандыгыныздарды эске алып, мындан ары алардын программаларын дыкат карап, сахналык маданиятка ылайык келбеген сатираларга чара колдонуу боюнча Көркөм эксперттик комиссия иш алып бара тургандыгын билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.

Толугу менен
Back to top button