Дүйнө

Куран китебин сатып алуу үчүн чоң кезек пайда болду

Өзбекстандын интернет басылмаларында Ташкентте басылып чыккан Куран китебин сатып алуу үчүн элдердин чоң кезеги пайда болгону тууралуу жаңылыктар, сүрөттөр пайда болду.

Islom.uz сайтынын маалыматына караганда, китептин кезектеги тиражы 11-январда сатыкка чыккан, бул күнү Ташкентте жана башка шаарларда ыйык Куран китебин сатып алуу үчүн узун кезектер пайда болгон.

Ыйык Куран китеби маркум шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф негиздеген “Хилол” басмаканасында басылып чыккан. Китептин баасы 35 миң сумду (орточо 255 сом) түзгөн.

Өзбекстанда бүгүнкү күнгө чейин Перс булуңунда жайгашкан өлкөлөрдө басылып чыккан Курандар кеңири колдонулуп келген.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button