Саясат

Кулматов менен Ибраимовдун соту. Калгандарына кандай жаза каралат?

Албек Ибраимов бир нече кылмыш иши боюнча фигурант болууда. Сотко аралашкандардын арасында мэриянын мурдагы жана азыркы кызматкерлери бар.

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын мурдагы башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго кандай жаза суралып жаткандыгын билдирди.

Ленин райондук соту төрт учурдун материалдары боюнча соттук иликтөөнү аяктады. Буга чейин Башкы прокуратура мамлекеттик айыптоочулар Кулматовду 15 жылга, ал эми Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну сурап жаткандыгын билдирген.

Кулматов «Коррупция» беренеси боюнча айыпталып, 2018-жылдын 18-майында кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 5-июнда камакка алынган. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде ТBEA компаниясы тарабынан эки мектептин курулушуна берилген 2 миллион долларды мыйзамсыз пайдаланган.

Кулматов менен кошо капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыктын жетекчиси Сталбек Өмүрканов, «Альта Групп» курулуш компаниясынын түптөөчүсү Кубат Шаршекеев, «Айкөл-Строй» подрядчы фирмасынын экс-директору Сеиткан Алиев да күнөөлөнүүдө. Мамлекетке келген чыгымдын көлөмү 94 миллион 864 180 сом деп айтылган.Албек Ибраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу»), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматына ылайык, Ибраимов мэр болуп турганда жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн. Ал 2018-жылдын 19-июлунан тарта камакта.

Ал эми «Дастан» транс улуттук ишканасына «И-239» деп аталган товарды кымбаттатылган баада сатып алганы боюнча «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Асылкүл Сасыбаева жана бухгалтер Бакытбек Мырзабеков сотто күнөөлүү катары өтүүдө. Мамлекетке келген чыгымдын көлөмү 22 миллион 26 миң сом болгон. Буга да Ибраимовдун байланышы бар экени айтылган.

Экс-мэрдин катыштыгы бар иштин бири — жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык иштер. Муниципалдык жерлерди биригип алган тараптарга берген коррупциялык схемага бир катар аткаминерлердин катыштыгы бардыгы айтылууда. Алар — мурдагы вице-мэр Ренат Макенов, Жер тилкелери боюнча башкармалыктын мурдагы жетекчиси Урмат Мурзаканов, «Бишкек башкы архитектуранын» азыркы башчысы Аскат Түлөбердиев, жер тилкелеринин бирин сатып алуучу Дмитрий Яковлев, андан башка дагы эки киши — Бакыт Турусбеков жана Азамат Гүлжигитов бар.

Экс-мэр Албек Ибраимов бул кызматка Кулматовдон кийин дайындалган. Ал жогорку иштерден сырткары «Солнечный берег» пансионатынын акцияларынын 100 пайызынын сатылуусу боюнча да фигурант болууда. Мындан мамлекетке 82 миллион 750 миң 556 сом зыян келгени айтылды.

Башкы прокуратурадан бул кылмыш иштерге Ибраимовдун тиешеси бар деп айтылгандыктан бир ишке бириктирилгенин билдиришти. Андыктан фемида өкүлдөрү эки кылмыш ишти бир карап жатат.

Мамлекеттик айыптоо тараптардын жарыш сөзүнөн кийин соттон Сасыбаева менен Мырзабековдон башкаларынын баарын күнөөлүү деп таап, жазалоону сурады. Ал эми экөөнө карата жогорку сунушту кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштырды.

Ренат Макенов, Урмат Мурзаканов жана Аскат Тулебердиевге мамлекеттик айыптоо мүлкүн конфискациялап жана 8 жыл эркинен ажыратууну сурады. Эгерде фемида өкүлдөрү чечим кабыл алса, алар эки жыл мамлекеттик кызматта иштей албайт;

Дмитрий Яковлев, Бакыт Турусбеков жана Азамат Гүлжигитовго мүлкүн конфискациялап, 8 жыл эркинен ажыратууну жана мамлекеттик кызматка иштөөгө тыюу салууну сурады;Сталбек Өмүркановго, Кубат Шаршекеевге, Сеиткан Алиевге мүлкүн конфискациялап, 15 жыл эркинен ажыратууну сурады. Эгерде фемида өкүлдөрү чечим кабыл алса, алар эки жыл мамлекеттик кызматка иштей албайт.

Башкы прокуратура соттолуп жаткандарды, алардын ичинен эки экс-мэрди атайын ардактуу наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу сунушун киргизди.

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовдон «Дастан» ишканасына келген 22 миллион 26 миң 160 сомдук чыгымды кайтарууну сурады. Мындан сырткары, андан жана Кулматовдон, Өмүракуновдон, Шаршекеевден жана Алиевден 94 миллион 864 миң 180 сомду жана буюмдарды өндүрүүнү сунуш кылды.

Тергөө учурунда «Солнечный берег» пансионатын сатуудан түшкөн 82 миллион 750 миң 556 сом мамлекетке кайтарылмай болду.

КоронаLIVE
  • USA 1,965,912
    USA
    Жуктургандар: 1,965,912
    Ооруп жаткандар: 1,115,789
    Айыккандар: 738,729
    Каза тапкандар: 111,394
  • Brazil 646,006
    Brazil
    Жуктургандар: 646,006
    Ооруп жаткандар: 308,875
    Айыккандар: 302,084
    Каза тапкандар: 35,047
  • Russia 458,689
    Russia
    Жуктургандар: 458,689
    Ооруп жаткандар: 231,576
    Айыккандар: 221,388
    Каза тапкандар: 5,725
  • Spain 288,058
    Spain
    Жуктургандар: 288,058
    Ооруп жаткандар: 260,924
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 27,134
  • UK 283,311
    UK
    Жуктургандар: 283,311
    Ооруп жаткандар: 243,050
    Айыккандар: ?
    Каза тапкандар: 40,261
  • India 236,657
    India
    Жуктургандар: 236,657
    Ооруп жаткандар: 115,942
    Айыккандар: 114,073
    Каза тапкандар: 6,642
  • Italy 234,531
    Italy
    Жуктургандар: 234,531
    Ооруп жаткандар: 36,976
    Айыккандар: 163,781
    Каза тапкандар: 33,774
  • Peru 187,400
    Peru
    Жуктургандар: 187,400
    Ооруп жаткандар: 103,024
    Айыккандар: 79,214
    Каза тапкандар: 5,162
  • Germany 185,414
    Germany
    Жуктургандар: 185,414
    Ооруп жаткандар: 7,751
    Айыккандар: 168,900
    Каза тапкандар: 8,763
  • Turkey 168,340
    Turkey
    Жуктургандар: 168,340
    Ооруп жаткандар: 30,292
    Айыккандар: 133,400
    Каза тапкандар: 4,648
  • Iran 167,156
    Iran
    Жуктургандар: 167,156
    Ооруп жаткандар: 29,281
    Айыккандар: 129,741
    Каза тапкандар: 8,134
  • France 153,055
    France
    Жуктургандар: 153,055
    Ооруп жаткандар: 53,440
    Айыккандар: 70,504
    Каза тапкандар: 29,111
  • Chile 122,499
    Chile
    Жуктургандар: 122,499
    Ооруп жаткандар: 25,420
    Айыккандар: 95,631
    Каза тапкандар: 1,448
  • Saudi Arabia 95,748
    Saudi Arabia
    Жуктургандар: 95,748
    Ооруп жаткандар: 24,490
    Айыккандар: 70,616
    Каза тапкандар: 642
  • China 83,030
    China
    Жуктургандар: 83,030
    Ооруп жаткандар: 67
    Айыккандар: 78,329
    Каза тапкандар: 4,634
  • Afghanistan 19,551
    Afghanistan
    Жуктургандар: 19,551
    Ооруп жаткандар: 17,411
    Айыккандар: 1,820
    Каза тапкандар: 320
  • Kazakhstan 12,511
    Kazakhstan
    Жуктургандар: 12,511
    Ооруп жаткандар: 5,556
    Айыккандар: 6,903
    Каза тапкандар: 52
  • Tajikistan 4,370
    Tajikistan
    Жуктургандар: 4,370
    Ооруп жаткандар: 1,831
    Айыккандар: 2,491
    Каза тапкандар: 48
  • Uzbekistan 4,022
    Uzbekistan
    Жуктургандар: 4,022
    Ооруп жаткандар: 759
    Айыккандар: 3,247
    Каза тапкандар: 16
  • Kyrgyzstan 1,974
    Kyrgyzstan
    Жуктургандар: 1,974
    Ооруп жаткандар: 592
    Айыккандар: 1,360
    Каза тапкандар: 22
Ачкыч сөздөр
Толугу менен
Back to top button
КоронаLIVE
Close
Close